Бишкектин көпчүлүк бөлүгүндө свет өчүп калды
RU

Бишкектин көпчүлүк бөлүгүндө свет өчүп калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын бир топ райондорунда бүгүн, 6-июнда электр жарыгы өчүп калды. Бул туурасында калаа тургундары редакицяга билдиришти.

Окурмандардын айтымында, шаардын борбордук бөлүгүндө, борбордун түштүк-чыгышындагы бир нече турак жайларда жана башка райондордо болжол менен саат 15:00 чамасында свет өчүп калган.

Улуттук электр тармактары ишканасынын басма сөз кызматы Kaktus.media сайтына электр жарыгынын массалык өчүшүнүн себебин тактап жатканын билдирди.

Ошондой эле окурмандар Бишкек жылуулук электр борборунан (ЖЭБ) катуу үн чыкканын да айтышууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17967