Бишкекте милиция кызматкери апийим сатып жаткан жеринен кармалды
RU

Бишкекте милиция кызматкери апийим сатып жаткан жеринен кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын милиционери баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип борбор калаанын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын (БМЖКК) ыкчам кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына коопсуздук органдарынын кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, кечээ Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын БМЖКК кызматкерлери Орок айылында баңги заттарды сатуу менен алектенген адамды кармашкан. Текшерүү учурунда андан эки килограмм апийим табылган.

Шектүүнүн өздүгү аныкталганда ал Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын милиция башчысы болуп чыкты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1796