Мыйзамсыз алынган жер тилке 23 жылдан кийин кайра мамлекетке кайтарылды
RU

Мыйзамсыз алынган жер тилке 23 жылдан кийин кайра мамлекетке кайтарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мыйзамсыз алынган жер тилке 23 жылдан кийин кайра мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Генералдык прокуратуранын басма-сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда, Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан 1995-жылы райондун тургуну Э.О. жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө 2,1га жер тилкеси үлүш катарында берилген.

Бирок, 1997-жылы Талас райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан ушул эле үй-бүлөгө мыйызам бузуу менен экинчи ирет 1,8га жер тилкеси үлүш катарында кайрадан берилген.

Өз учурунда прокуратура экинчи жолку мыйзамсыз берилген жер тилкенин чечимдерин жокко чыгаруу боюнча сотко доо арыз менен кайрылып, соттук кароонун жыйынтыгы менен доо арыз толугу менен канааттандырылган.

Андай кийин, соттук чечим мыйзамдуу күчүнө киргендигине байланыштуу Долоно айыл өкмөтүнө прокурордук акты келтирилип, анын жыйынтыгы менен 1,8га жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

Башкы беттеги сүрөт иллюстртивдүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/179