Түркмөнстанда чиновниктер президенттин атасынын өлүмүн эскерип, чачтарын кырдырышы керек
RU

Түркмөнстанда чиновниктер президенттин атасынын өлүмүн эскерип, чачтарын кырдырышы керек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркмөнстанда чиновниктерге президент Гурбангулы Бердымухамедовдун каза болгон атасынын аза күтүү белгиси катары чачтарын кырып, улуттук баш кийимин кийсин деген буйрук берилди. Бул тууралуу "Азатлык" радиосу билдирди.

Эреже президент атасынын көзү өткөндө улуттук баш кийимди кийип эл алдына чыккандан кийин киргизилген. Мяликгулы Бердимухамедов 18-апрелде 88 жаш курагында көз жумган. Ал запастагы ички аскерлердин подполковниги болгон, Түркмөн ССРинин өкмөтүндө иштеген.

Атасы каза болгондон кийин, Түркмөнстандын Президенти жети күн бою коомдук жана мамлекеттик телекөрсөтүүлөргө чыккан жок. Анын катышуусусуз Түркмөн жылкысы жана Алабайдын Улуттук күнүн белгилөө иш-чаралары болуп өттү, майрамдык салтанаттарды Президенттин уулу Сердар алып барды.

"Азатлык" радиосунун кабарчысынын айтымында, өлкөнүн чыгышындагы Лебап велаятында бюджеттик уюмдарда иштеген аялдар аза күтүү белгиси катары кара оймо-чийме түшүрүлгөн оромолдорду кийишет. 2015-жылдан бери өлкөдө кара унааларга расмий эмес тыюу салынганына карабастан, президент өзү бардык иш-чараларга кара унаа менен чыгат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1801