Эмне үчүн президенттикке талапкерлерге ат же кой тартуулашат? БШК иликтейт
RU

Эмне үчүн президенттикке талапкерлерге ат же кой тартуулашат? БШК иликтейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 22-декабрда, Боршайкомдун үгүт иштери боюнча жумушчу тобу президенттике талапкерлерге карата түшкөн көптөгөн арыздарды карап чыгат. Анда эмне үчүн эл менен жолугушууларда талапкерлерге ат же кой тартууланат, деген суроо берилген.

Белгилүү болгондой, кеп төмөнкү талапкерлер жөнүндө болуп жатат:

  • Садыр Жапаров - Жалал-Абаддагы эл менен жолугушуу учурунда бир кыл куйрук тартууланган;
  • Абдиль Сегизбаев;
  • Адахан Мадумаров;
  • Аймен Касенов - ага Ысык-Көл облусунун Ак-Булуң айылынын тургундары ат беришкен;
  • Курсан Асанов - бул талапкерге да бир ат бир кой тартууланган.

"Шайлоо тууралуу" мыйзамдын 41-беренесинде жарандар жана юридикалык жактар талапкерге финансылык, же материалдык жардамды же колдоону шайлоо фонду аркылуу гана бере алышат, деп жазылган.

Андан тышкары, юридикалык жактарга, алардын филиалдарына, өкүлчүлүктөрүнө, ошондой эле жеке адамдарга шайлоого түздөн-түз же кыйыр түрдө байланыштуу жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү, товарларды сатууну бекер аткарууга же негизсиз төмөндөтүлгөн бааларда аткарууга тыюу салынат.

БШКнын экс-мүчөсү Атыр Абдрахматова Kaktus.media'га берген комментарийинде билдиргендей, адатта штабдарда "дежүр аттар" даяр турат. Аларды шайлоочулар менен жолугушуу учурунда "белекке" беришет.

"Кээде штаб өзү тартууласа, кээде жашоочулар демилге көтөрүп чыгышат. Бирок штабдын мүчөлөрү атты кайра кайтарып беришет же акчасын төлөшөт. Кызыгы, БШК мурда ат тартууланып жатканга көңүл бурчу эмес. Учурда бул эң актуалдуу мыйзам бузуу болуп жаткан окшойт", - деп белгиледи ал.

Эске салсак, өткөн жумадан тартып президенттикке талапкерлердин үгүт иштери башталган. Ал 2021-жылдын 9-январынын эртең менен саат 8:00го чейин созулат. Президенттик шайлоого бардыгы болуп 18 талапкер ат салышууда. Мөөнөтүнөн эрте белгиленген президенттик шайлоо жана референдум 2021-жылдын 10-январында өтөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/180