Иса Өмүркулов Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун кармалышына комментарий берди
RU

Иса Өмүркулов Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун кармалышына комментарий берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

КСДП парламенттик фракциясынын лидери Иса Өмүркулов анын партиялаштары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун кармалышына комментарий берди.

Анын айтымында, бул факт өзү эле өтө жагымсыз. Алардын канчалык деңгээлде күнөөлүу экендигин тергөө иши аныктайт, башкысы объективдүү жүргүзүлүүгө тийиш.

Эгер алар камакка алынса, аларга барып жолугуп турасызбы деген суроого депутат: "Көрөбүз. Кудай сактасын дечи. Бирок мында уят нерсе жок", - деп жооп кайтарды.

Мурда фракция камакка албай туруп жаза тартуу тууралуу ходатайствосун жазышчу. Өмүркуловдун айтымында, мындай практика азыр жүргүзүлбөй калган. Анткени тергөө ишинин жүрүшүнө кыйыр түрдө таасирин тийгизет.

Депутаттын сүйлөгөнүнө караганда, ал Жээнбеков менен Зулпукаровдун камакка алынышына таң калган деле жок.

"Кумтөр" боюнча кылмыш иши козголгон болчу. Биз ага активдүү катышып, сырттан башкарууну китргизүү аракетин көргөнбүз. Экономикага, айлана чөйрөгө, сууга, мөңгүлөргө зыян келтирилди. Укмуш чоң суммалар айтылды. Макулдашуу аткарылган жок. Бул дагы кесепетин тийгизет. Долбоор коррупциянын айынан башынан эле зыян келтирчү. Мен оппозицияда жүргөндө бир нече ирет каршы чыккам", - деп Өмүркулов белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1825