Россияда Кыргызстандык кыз 100 баштык героин менен кармалды
RU

Россияда Кыргызстандык кыз 100 баштык героин менен кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Одинцово шаарында (РФ) маңзат сатууга шектелген 22 жаштагы Кыргызстандык кыз кармалды. Бул тууралуу Россиянын Ички иштер министрлигинин Москва облусу боюнча башкы башкармалыгы билдирди.

Ички иштер министрлигинин Одинцово округу берген маалыматы боюнча, Говоров көчөсүндөгү бир үйдүн кире беришинен 22 жаштагы кыргызстандык аял кармалган, тинтүү учурунда аялдан полимер баштык табылып алынган, ал жерде жүз баштыкча порошок түрүндө маңзат болгон.

"Химиялык изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, таңгактардын ичинде салмагы 110 граммдан ашык баңги заты - героин экендиги аныкталды", - деп белгилейт Ички иштер министрлиги.

Кылмышка шектүүгө карата Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин 30 жана 228.1-беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Одинцово шаардык соту шектүүнү камакка алуу чечимин чыгарды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1826