Адвокат: Жээнбеков Садыр Жапаровдун демилгесин колдобой койгону үчүн камакка алынды
RU

Адвокат: Жээнбеков Садыр Жапаровдун демилгесин колдобой койгону үчүн камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Асылбек Жээнбековдун адвокаты Давран Касымовдун пикири боюнча анын жакталуучусу саясий куугунтуктоонун айынан камакка алынды.

"Өз кезегинде Асылбек Жээнбеков Садыр Жапаровдун демилгесин колдобой койгон, ошндуктан аны камакка алышты. Жээнбеков өзүн айыптуу деп эсептебеген жок жана эмне үчүн камакка алынганын түшүнбөй турат", - деди адвокат.

Эске салсак, 31-майда, УКМК Асылбек Жээнбековду суракка чакыртып, андан кийин камакка алган. Ал КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты, экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси. Андан тышкары Улуттук коопсуздуктун мамлекеттик комитети КСДП фракциясынын депутатын Төрөбай Зулпукаровду да камакка алды. Белгилүү болгондой, Асылбек Жээнбеков "Кумтөр" иши боюнча кармалса, Зулпукаров "Мыйзамсыз баюу" беренесинин негизинде кармалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1828