Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду кантип алып кетишкен (видео)
RU

Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду кантип алып кетишкен (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 31-майда депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна алып келишип, териштирүү башталган, ушуга улай сот имаратынын жанында депутаттардын тарапкерлеринин митинги өттү.

Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров 31-майдан 1-июнга караган түнү эки айга УКМКнын СИЗОсуна камакка алынган.

Кармалгандардын адвокаттары болуп жаткан окуяны сот тутумунун өзүм билемдиги деп атап, Асылбек Жээнбеков саясий куугунтукка кабылды дешти.

Соттук териштирүүдөн кийин камакка алынгандарды соттон алып кетишти.

Эскерте кетсек, 2021-жылы 31-майда УКМКдагы сурактан кийин Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты, экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы Асылбек Жээнбеков менен КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров камалган. Асылбек Жээнбеков "Кумтөр" иши боюнча, ал эми Төрөбай Зулпукаров - "Мыйзамсыз баюу" беренеси боюнча камакка алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1829