Айылдарда жер тамдарды салууга жер тилкелери дээрлик жок экени айтылды
RU

Айылдарда жер тамдарды салууга жер тилкелери дээрлик жок экени айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкө башчы Садыр Жапаров айылдарда жер тамдары салууга жер берилбей турганы боюнча түшүндүрмө берди. Президенттин айтымында, айылдарда там салуу үчүн жер тилкелери жокко эсе.

"Мисалы 500 түтүн жашаган айылда эле 200 үй-бүлө (жаштар) жер алуу үчүн кезекте турушат. Ошондуктан мамлекеттик саясатты туурасына карай эмес, бийигине карай өстүрүүгө бурулууда. Айылдарга 3-5 кабаттуу үйлөрдү кура баштадык. Жакын арада жеке өзүм барып айылдарда да көп кабат үйлөрдө жашаса болорун далилдеп, толук маалымат берем", - деди Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18310