Бишкекте электр энергиясынын өчүрүлүшү канча убакытка созулары айтылды
RU

Бишкекте электр энергиясынын өчүрүлүшү канча убакытка созулары айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Бишкекте электр энергиясынын өчүрүлүшү канча убакытка чейин созуларын айтты. Министр светти маал-маалы менен өчүрүү аба ырайына жараша болорун белгиледи.

"Баары абанын температурасынан жана электр энергиясын керектөөдөн көз каранды. Эгерде катуу ысык уланып, керектөө өсө берсе, анда аргасыз абал жаралат. Биз кырдаал жана жабдуулардын абалы ушуга алып келип жатканын түшүнүшүбүз керек (жөнгө салуучу чараларга). Маселе ушуда", - деди Алтынбек Рысбеков.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18315