Экс-спикер Дастан Жумабеков УКМКга кирип кетти
RU

Экс-спикер Дастан Жумабеков УКМКга кирип кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Дастан Жумабеков УКМКга кирип кетти. Азырынча айыпталуучу же күбө катарыбы белгисиз.

Бир күн мурун, 31-майда УКМКдагы сурактан кийин, КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты, экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков жана КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров камакка алынган. Асылбек Жээнбеков "Кумтөр" иши боюнча, ал эми Төрөбай Зулпукаров - "Мыйзамсыз баюу" беренеси боюнча шектелүүдө.

Мындан тышкары, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, экс-парламенттин депутаттары Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев кармалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1831