Германияда оор абалга туш болгон кыргызстандык студенттер боюнча тактоо иштери башталды
RU

Германияда оор абалга туш болгон кыргызстандык студенттер боюнча тактоо иштери башталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандан Германияга окуу жана иштөө үчүн барган 100дөн ашык кыргызстандыктар кыйын жагдайда калышканын айтып чыгышкан. Интернетке тараган маалыматта алар жумушсуз калуу коркунучунда экени, качкындар баш калкалаган жатаканада жатканы айтылган.

Студенттердин кайрылуусунан кийин Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасады. Анда министрлик менен Кыргызстандын Германиядагы элчилиги мекендештердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун алкагында кырдаалдын бардык жагдайларын тактап жатканы кабарланды.

Ал эми студенттерди жөнөткөн уюм социалдык тармактагы баракчасы аркылуу түшүндүрмө берди. Компания интернетке тараган маалыматтар чындыкка дал келбей турганын, студенттердин жашаган жери 27-июлга чейин төлөнгөнүн, андан кийин дагы узартыларын билдирди. Ошондой эле студенттердин алды жумушка чыкканын да кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18336