Баткен шаарында жана эки райондо сел жүрдү
RU

Баткен шаарында жана эки райондо сел жүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен шаарында, ошондой эле Баткен жана Кадамжай райондорунун аймагында 23-июлда нөшөрлөп жааган жаандан кийин сел жүрдү.

ӨКМдин Баткен облустук башкармалыгынан билдиришкендей, Жаңы-Достук айылында сел агуучу сайга сел келип, 1 үй-бүлө (5 киши) сайдан өтө албай эки сайдын ортосунда калып кеткен. Жерине 5 куткаруучу тартылып, жарандарды коопсуз аймакка чыгарышкан.

Андан тышкары сел суулары унаа жолдорду, турак үйлөрдү, короо-жайларды жана административдик имараттарды каптаган. Ошондой эле кээ бир аймактарда электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурап, кыска убакытта кайра калыбына келтирилген.

Учурда ӨКМдин куткаруучулары жана облустун жарандык коргонуу кызматтары күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18341