Бишкекте Lexus уунасы жөө адамды сүзүп кетти
RU

Бишкекте Lexus уунасы жөө адамды сүзүп кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 24-июлда саат 9:30 чамасында Бишкектин Бөкөнбаев көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде Lexus унаасы жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти. Бул тууралуу күбөлөр Kaktus.media сайтына билдиришти.

Окуя болгон жерге "Тез жардам" кызматы келип, жаракат алган жаранды ооруканага алып жөнөштү. Шаардык тез жардам станциясынан жабырлануучу колунан жаракат алганын кабарлашты.

Кийинчерээк Кайгуул кызматынан кырсык тууралуу маалымат берип, зарыл болгон экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери башталганын кабарлады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18343