Максат Сабиров УКМКга суракка чакыртылды
RU

Максат Сабиров УКМКга суракка чакыртылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Максат Сабиров Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратынан чыгып баратып, "Кумтөр" ишинин күбөсү катары суракка чакырылганын жана 2021-жылдагы иш боюнча суракка алынганын айтты.

Макат Сабировдун айтымында ага ашыкча маалымат берүүгө тыюу салынган, ошондуктан мындан башка эч нерсе жөнүндө айтып бере албайт.

Бир күн мурун, 31-майда УКМКдагы сурактан кийин, КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты, экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков жана КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров камакка алынган. Асылбек Жээнбеков "Кумтөр" иши боюнча, ал эми Төрөбай Зулпукаров - "Мыйзамсыз баюу" беренеси боюнча шектелүүдө.

Мындан тышкары, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, экс-парламенттин депутаттары Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев кармалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1835