Жээнбеков менен Зулпукаровду жоопко тарткан соттор ким болду экен?
RU

Жээнбеков менен Зулпукаровду жоопко тарткан соттор ким болду экен?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн түнү, 1-июнда, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда, бир күн мурун камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровго карата камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалды. Алар Кумтөрдөгү коррупциялык иш боюнча камакта отурушат.

Зулпукаровго карата бөгөт чарасын тергөө соту Абдуразак Боромбаев, Жээнбековдукун - тергөө соту Туратбек Бекенов карады.

Kaktus.media редакциясы бул соттордун бейнесин ачып берүүнү туура көрдү.

Бекенов Туратбек Орозбаевич

Туратбек Бекенов 1984-жылы 25-декабрда Баткен облусунун Баткен районунда туулган. Сот болуп дайындалганга чейин ал Кыргызстандын Жогорку Сотунун консультанты, улук жардамчысы болгон. Ал юридика тармагында 10 жылдык тажрыйбага ээ.

Сотторду тандоо кеңешинен билдиришкендей, 2018-жылдын январь айында ал борбордун Свердлов райондук сотунун кызмат ордуна талапкерлердин тизмесине кирген. Бирок, сынактын жыйынтыгы кеңештин сайтында табылган жок.

Ошол эле жылы май айында Бишкек шаардык сотунун судьяларынын бош кызмат орундарына талапкерлерди сынактык тандоого катышуу үчүн арыз берген. Сынактын жүрүшүндө ал акыркы 15-орунду ээлеп, райондук соттун судьясы болбой калган.

2019-жылдын 24-январында, Ош облустук сотунун судьяларын тандоого катышып, бирок 17 адамдын ичинен 12-орунду ээлеп, өтпөй калган.

Бирок 2019-жылдын 25-сентябрында Сотторду тандоо кеңеши президент Сооронбай Жээнбековго Бекеновду Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун судьялыгына дайындоону сунуш кылган. Сынактын жана аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча, ал ушул кызматка талапкерлердин арасынан 50.125 упай топтоп, биринчи орунду ээлеген.

30-декабрда аны дайындоо боюнча жарлыкка кол коюлуп, 2019-жылдын 31-декабрында, ал дайындалган башка жергиликтүү соттор менен бирге Жогорку Соттун алдында ант берген.

2020-жылдын 24-июнунда сотторду оптимизациялоонун алкагында ал Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна ротацияланган.

Боромбаев Абдуразак Эсентаевич

Абдуразак Боромбаев 1965-жылы 7-октябрда Талас облусунун Кара-Буурин районундагы Кировка айылында туулган. 35 жылдык юридикалык тажрыйбасы жана 19 жылдык сот иши бар.

Ал качан сот болуп дайындалгандыгы жөнүндө ачык булактарда маалымат жок. Биринчи май райондук сотунун судьясы катары 2010-жылдан баштап тааныла баштайт. Андан кийин ал Микаэль каймана аты менен белгилүү ырчы жана шоумен Мирлан Доутовду өлтүрүү маселесин караган.

2012-жылдын февраль айында Президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Боромбаевдин ыйгарым укуктары кеңейтилген.

2017-жылдын 6-сентябрында Атамбаев судьяны Кыргызстандын диплому менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койгон.

2020-жылдын 5-мартында Жогорку Соттун экс-төрагасы Гүлбара Калиева кызматтык милдеттерин узак жана өрнөктүү аткаргандыгы үчүн ага "Кыргыз Республикасынын Сот тутумунун отличниги" ардактуу наамын ыйгарган.

2020-жылдын июнь айында Боромбаев Жогорку Соттун судьясынын бош кызмат ордун ээлөөгө конкурска катышкан. Бирок, ал талап кылынган упай топтой албай, 25 абитуриенттин ичинен 7-орунга илинген. Анда эң көп упайды - 61.558 - Жоомартов Күмүшбек Рысбекович алган.

2020-жылдын июль айында дагы бир президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Боромбаев кайрадан Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун судьясы болуп дайындалган.

Сотторду тандоо кеңешинин сайтында 2021-жылдын 17-майында чыккан басылманын маалыматы боюнча, ал кайрадан Жогорку Соттун судьясынын кызмат ордуна сынакка катышууга ниеттенүүдө.

Сот болуп иштеген ушунча жылдык тажрыйбасында Боромбаев Кыргызстандын президентинин аппаратынын экс-башчысы Данияр Нарымбаев, парламенттин мурунку депутаты Хаджимурат Коркмазов, Жогорку Кеңештин экс-спикери Ахматбек Келдибеков, Кыргызстан партиясынын лидери Канатбек Исаев, мурдагы премьер министр Сапар Исаков, Бишкек шаарынын экс-мэри Кубанычбек Кулматов жана экс-энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин соттук иштерин карап чыгууга жетишкен.

Боромбаев 2013-жылы кримавторитет Камчы Көлбаевди дагы үч жылга эркинен ажыраткан.

Мындан тышкары, ал 2016-жылы Ысык-Көл облусунун мурунку губернатору Эмилбек Каптагаевге 2013-жылы Кумтөр боюнча митинг учурунда кол салуу жана уурдоого аракет кылуу боюнча кылмыш ишин караган. Андан кийин шектүү Kyrgyztimes ресурсунун журналисти Кенжебек Жумабаев болгон, аны Каптагаев өзү атайын кызматтын өкүлү деп атаган. Ошондо кылмыш ишине тиешеси бар негизги фигурант экс-депутат учурдагы президент Садыр Жапаров митингди уюштурган деген айып менен 11,5 жылга кесилген. Белгилүү болгондой, 2020-жылы октябрь окуясынан кийин Жапаровго карата чыгарылган өкүмдөр жокко чыккан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1837