Өгөй кызын зордуктап келген киши камакка алынды
RU

Өгөй кызын зордуктап келген киши камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өгөй кызын зордуктап келген кишини Токмок шаарынын убактылуу кармоочу жайына алып барышты. Бул тууралуу Kaktus.media'га жабыркаган кыздын адвокаты Шердор Абдыкапаров кабарлады.

"Зордукталган кыздын чоң энеси анын өгөй атасына каршы көрсөтмө берди. Ал негизги күбө болчу. Ошол эле күнү шектелүүчү кармалып, Токмок шаарынын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды", - деди Шердор Абдыкапаров.

Адвокаттын айтымында, кичинекей кыз ушунча убакыттан бери зордукталып жатканын энеси билген, бирок күйөөсүнүн кылмышын жашырып келчү. Жакында кыз өгөй атасы тарабынан кордук көрүп жатканын эжесин жана чоң энесине айтып берген, алар дароо милицияга кайрылышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/183