"Сапат" билим берүү тармагы Орхан Инандынын жоголушуна байланыштуу билдирүү жасады
RU

"Сапат" билим берүү тармагы Орхан Инандынын жоголушуна байланыштуу билдирүү жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 31-майда, болжол менен саат 21:00до "Сапат" эл аралык билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгон. Кимдир бирөөдө анын кайсы жерде болгондугу боюнча маалыматы болсо, бөлүшүп коюуну суранабыз, деп билим берүүчү мекеменин расмий кайрылуусунда жазылган.

Белгилүү болгондой, Орхан Инанды "Сапат" эл аралык билим берүү мекемесинин президенти.

Ал Кыргызстандын жараны.

"Урматтуу мекендештер, силерден бул окуяга байланыштуу кандай болбосун маалыматыңар менен укук коргоочу органдарга бөлүшүүнү суранабыз. "102" телефон номерине же "Сапат" мекемесинин 0550 04 90 50 номерине чалсаңыз болот".

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1841