"Ала-Тоо" эл аралык университетиндеги журналистика программасы студенттердин көз карашында
RU

"Ала-Тоо" эл аралык университетиндеги журналистика программасы студенттердин көз карашында

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өздөрүнүн альма-материне карата студенттер пикирин ар дайым так айтышат, анткени алардын пикири университетте эмнелер болуп жатат жана кандай билим алып жаткандыгын даана чагылдырат. Биз журналистика программасы боюнча билим алып жаткан үчүнчү курста окуган студенттердин оюн сурап, университетти ичтен таанууга аракет кылдык. Алар жеке тажрыйбасы менен бөлүшүп, эмне үчүн Ала-Тоо университетин тандоо керектигин айтып беришти.

Тилек Байысбеков

- АЭУда журналистика факультети бакалавр программасы менен 4 жыл окутулат - бул журналисттерди жана медиакоммуникация боюнча адистерди даярдоочу толук курс. Конкреттүү түрдө айта турган болсок, төмөнкулөрду үйрөнүп чыгасыңар:

  • Макала жазып, репортаж, лонгрид даярдап, түрдүү видеопродукттарды (интервью, роликтер, репортаждар) тартканды үйрөнөсүз.
  • Эң башкы артыкчылык - бул англис тилинин окутуунун негизги тили болгондугу. Сабактардын 80%ы англис тилинде өтөт. Сиз журналистика тармагындагы негизги багыттар, түшүнүктөр терминдер менен таанышып, англис тилдүү ЖМКлардагы журналисттик тексттерди жакшы түшүнүп, өзүңүз да жазып, оозеки речтерди даярдай аласыз.
  • Андан тышкары, жыл сайын түрдүү мастер-класстар, мыкты медиаэксперттер жана журналисттер менен жолугушуулар өткөрүлүп турат. Сиз бул кесипти мыкты өздөштүрөсүз, анткени окутуунун биринчи жылында эле студенттик практиканын алкагында алдыңкы медиауюмдардын иши менен таанышууга шарт түзүлөт.

Айбек Сейитказиев

- Басым жасала турган үч негизги багыт бар:

  • Аналитикалык.
  • Конвергенттик (жаңы медиа, мультимедиялык жөндөмдөр).
  • Эл аралык журналистика.

Андан тышкары, келечекте коомчулук менен байланышуу, жарнама жана SMM-маркетинг багыттарында иш алып барсаңыз болот. Атаандаштыкка туруштук берүүгө жардам бере турган бардык керектүү жөндөмдөрдү үйрөнүп аласыз, бул сиздин келечекте суроо талап жогору болгон адис болууга шарт түзөт.

Адахан Асанов

Мен үчүн АЭУну тандоонун негизги себептеринин бири - бул эл аралык алмашуу программаларына катышуу мүмкүнчүлүгү. Анын жардамы менен биринчи окуу жылында эле бир семестрге чет өлкөгө барып окуу мүмкүнчүлүгү бар. Ал жерден жакшы тажрыйба топтоп, рекомендацияларды ала аласың.

Жолборсбек Пайзилдаев

- Кайсы жерден практика өткүңүз келсе, өзүңүз чечесиз. Университет болгону бардык тиешелүү шарттарды түзүп берет (телеканал же студия менен сүйлөшүп ж.б.).

  • Окутуунун биринчи жылында эле видеокамера, фотоаппарат колдонгонду, монтаждаганды үйрөнөсүз.
  • Үчүнчү окуу жылынан тартып, медиауюмдардын биринде практика өтүп, кесипти тереңирээк изилдөөгө мүмкүнчүлүк аласыз.

Бактияр Абдыталипов

- Программанын негизги активи мугалимдер:

  • Бул өз ишин мыкты билген, үч-төрт тилде эркин сүйлөгөн адистер.
  • Көп жылдан бери иштеп, мыкты тажрыйба топтогондор.
  • Бир нече өлкөгө барып иштеп, өз квалификациясын жогорулатууну улантып жаткандар.
  • Мугалимдер сизге ар дайым жардам берүүгө даяр, жана окууга байланыштуу кандай болбосун маселелерди бирге чечүүгө көмөтөшөт. Алардын тажрыйбасы өз чөйрөңөрдүн мыкты адистеринин бири болушуңузга түрткү болот.

Биз сизди чыдамсыздык менен күтөбүз. "Ала-Тоо" эл аралык университети - бул сиздин дүйнөгө болгон терезеңиз!

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1842