"Манас" ААК Түркиянын желеги түшүрүлгөн учак Кыргызстанда эмне кылып жүргөнүн түшүндүрдү
RU

"Манас" ААК Түркиянын желеги түшүрүлгөн учак Кыргызстанда эмне кылып жүргөнүн түшүндүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркиянын желеги түшүрүлгөн учак "Манас" аэропортунда эки жумадан ашык убакыттан бери турат. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына "Манас" эл аралык аэропортунан кабарлашты.

Белгиленгендей, аэропортто турган Түркиянын желеги бар жеке учак эки жума мурун келген жана машыгуучу учак болуп саналат.

Мындан тышкары, бул учак менен учкучтар окутуудан өтүү максатында бүгүн Ысык-Көлгө барып, кайра кайтып келген.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда "Сапат" кыргыз-түрк лицейлер тармагынын президенти Орхан Инанды аэропортто жайгашкан жеке менчик учак менен алып кеткени жатат деген имиштер тарап жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1847