Сиз аны тааный албайсыз! Нурбек Мурашев Жогорку Кеңеште ант берди
RU

Сиз аны тааный албайсыз! Нурбек Мурашев Жогорку Кеңеште ант берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Парламенттик "Бир Бол" фракциясынан жаңы депутат Нурбек Мурашев бүгүн, 2-июнда, Жогорку Кеңештин жыйынында ант берди.

Анттын өзү башкалардан айырмаланган жок. Бирок Мурашевдин таанылгыс болуп өзгөргөнү көңүлдү бурду.

Эскерте кетсек, депутат мандатын тапшырып, УКМК тарабынан камакка алынган Исхак Пирматовдун ордуна келди.

Мурашев "Республика-Ата Журт" партиясынан парламенттин V чакырылышынын депутаты болгон. Ал парламентте анча активдүү болгон эмес, бирок анын аты милиция кызматкерлеринин билдирүүлөрүндө көп кездешкен. Ошентип, 2014-жылдын февраль айында Мурашевге карата улуттук госпиталдын дарыгеринин өтүнүчү боюнча кылмыш иши козголгон, дарыгер депутаттын ур токмогуна кабылганын айткан.

2014-жылдын май айында Мурашев менен бирге бир канча депутаттар шайлоого "Бир Бол" партиясынан катышкандыгы үчүн "Республика - Ата Журттан" четтетилген. 2015-жылдагы шайлоодо ал "Бир Бол" партиясынан депутаттыкка талапкер болгон. Шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө анын дарегине дагы бир ирээт арыздануу түшкөн. Бул жолу "Өнүгүү-Прогресстин" талапкери Кабылжан Кимсанбаев андан таяк жегенин жар салган. Иш райондук прокуратурага өткөрүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган, бирок анын кандайча аяктагандыгы белгисиз.

Мындай чоң муштумдугу менен Мурашев 2017-жылдын октябрь айында кайрадан ИИМдин протоколуна киргизилген. Ноокен районунун тургуну милицияга кайрылып, Мурашев аны Сакалды айыл аймагынын No2186 участкалык шайлоо комиссиясынын жанында токмоктогонун айтып арызданган. Үч окуя тең кандайча аяктаганы белгисиз, бирок бул Мурашевдин карьерасына таасирин тийгизген жок.

Ал 2016-жылдын ноябрь айынан 2019-жылдын май айына чейин Айыл чарба министрлигин жетектеген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1851