Кыргызстанга ПЧР анализи терс деп табылган туристтерге келүүгө уруксат берилди
RU

Кыргызстанга ПЧР анализи терс деп табылган туристтерге келүүгө уруксат берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасына COVID-19 карай ПЧР анализи терс деп табылган туристтер келе алат. Бул тууралуу Республикалык штабдын басма сөз кызматы билдирди.

Штаб белгилегендей, дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясына каршы вакцинациялоо ыктыярдуу негизде жүргүзүлүүдө.

Учурдагы алгоритмдерге ылайык, чет элдик жарандардын жана туристтердин Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө коронавирус инфекциясына карай тестирлөөнүн терс жыйынтыгы (72 саатка жарактуу) болгон учурда уруксаат берилет.

Республикалык штаб белгилегендей, коронавирустан вакцинациялангандыгы тууралуу сертификаттын болушу республикасынын аймагына кирүү үчүн милдеттүү талап катары саналбайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1854