Бишкекте массалык уулануу болду. Ашкана 15 миң сом айыпка жыгылды
RU

Бишкекте массалык уулануу болду. Ашкана 15 миң сом айыпка жыгылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте массалык уулануу болду. Бул маалымат борбор калаанын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан тастыкталды.

"Уулануу улуттук госпиталдын аймагындагы №1 ашканада болгон. 25 жана 26-майда ал жерде адамдар тамактанып, ууланышкан. Тогуз адам Токмокко жаткырылды, 13 адам Чүй облустук бириккен ооруканасына жөнөтүлдү. Адистер тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп, коомдук тамактануу жайына 15 миң сом айып пул салынган. Ашкана массалык уулануунун себептери такталганга чейин жабык. Жыйынтыгы бир нече күндөн кийин белгилүү болот", - деп түшүндүрүштү алар.

Сурамжылоого ылайык, уулангандардын бардыгы "бризол" тамагын жеген. Сальмонеллез деп болжонууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1858