Сот Өмүрбек Бабановдун камакка алынышын мыйзамдуу деп тапты
RU

Сот Өмүрбек Бабановдун камакка алынышын мыйзамдуу деп тапты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өмүрбек Бабановдун камакка алынуусу мыйзам чегинде деп табылды. Мындай чечимди бүгүн, 2-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Тергөө Бабановду эки айга камакка алууну суранды.

Процесске судья Чынгызбек Бердимуратов төрагалык кылды.

Эске салсак, Өмүрбек Бабановду 31-майда, УКМКга ураака чакырылгандан кийин камакка алышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1859