Жогорку Кеңешке Акылбек Жапаровдун ордуна ким келет?
RU

Жогорку Кеңешке Акылбек Жапаровдун ордуна ким келет?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

1-июнда Акылбек Жапаров парламенттен кете турганы белгилүү болду. Ал министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - КРдин экономика жана финансы министри болуп дайындалды.

Парламенттеги депутаттын ваканттуу орду "Бир Бол" партиясынын тизмесинде кийинки турган талапкерге өтүүгө милдеттүү.

Боршайкомдогу маалыматка ылайык, мандатты 1968-жылы туулган Акбаров Арсланбек Акбарович алат.

"Азырынча БШК мандатты өткөрүп берүүнү беките элек. Бул жакынкы күндөрү ишке ашырылат", - деп БШКдан билдиришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1864