Ош базарынын соодагерлери "соода мафиясына" каршы митингге чыгышты
RU

Ош базарынын соодагерлери "соода мафиясына" каршы митингге чыгышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 2-июнда Ош базарынын соодагерлери Ленин райондук сотунун имаратынын алдына митингге чыгышты.

Митингчилердин бири айткандай, алар мыйзамды сыйлаган жарандар катары салыктарды төлөп, Ош базарынын ичинде соода кылышат. Бирок, базардын сыртында жакында кармалган Дарыя Кадыркулова баш болгон бир нече аялдар уюштурган "стихиялуу соода мафиясы" бар.

"Алар соодагерлерден акча чогултуп, Ленин районунун акимиаты, райондук ички иштер бөлүмү менен бөлүшөт. Мындай мамлекеттик органдар стихиялык соода-сатыкты жаап-жашырып калкалоодо, алардын айынан бизде, базардын ичинде соода жок", - дешти митингчилер.

Бүгүн Ленин райондук соту Дарыя Кадыркулованын баш коргоо чарасын карайт деп жатышат. "Соттон аны түрмөгө камоону талап кылабыз, анткени ал бүгүн бошотулат деген сөздөр болуп жатат" деди нааразы болгондордун бири.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1868