"Алар салмактуу саясатчылар. Канат Исаев Жээнбековду, Зулпукаровду жана Бабановду" колдоду
RU

"Алар салмактуу саясатчылар. Канат Исаев Жээнбековду, Зулпукаровду жана Бабановду" колдоду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Канатбек Исаев "Кумтөр" иши боюнча камакка алынган саясатчыларды жактап чыкты.

3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында ал Асылбек Жээнбеков эки чакырылыштын депутаты жана спикер болгонун, Төрөбай Зулпукаров парламенттин вице-спикери болгонун, ал эми Өмүрбек Бабанов депутат жана премьер-министр гана болбостон, 600 миңге жакын добуш алган президенттикке талапкер болгонун баса белгиледи.

"Кылмыш иши козголгонун гана билебиз, бирок аларга кандай айып тагылып жаткандыгын билбейбиз. Алар салмактуу саясатчылар, саясатка чоң салым кошушту. Алардын кармалышына ким жооп берет? Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Өмүрбек Текебаев дагы бир учурда камакка алынган, бирок бир аз убакыттан кийин алар акталып чыгышкан, бирок мыйзамсыз тергөө иши жана мыйзамсыз чыгарылган өкүм үчүн бир дагы тергөөчү, бир дагы сот жазаланган жок ", - деди Исаев.

Анын айтымында,"өлкөнүн түрмөлөрүндө жүздөгөн адамдар мыйзамсыз камакта отурушат" учурда камакка алынган саясатчыларда дагы ушундай кырдаал жаралышы мүмкүн.

Депутат Жээнбековду, Зулпукаровду жана Бабановду үй камагына чыгарууну суранды.

Эске салсак, Исаев өзү дагы Токмок шаарынын мэри болуп турганда кылмышка шектелип кылмыш иши козголгон. Бирок, кийинчерээк соттун чечимдери жокко чыгарылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1881