50 миң доллар жана унаа. Алдамчы Орхан Инандынын жоголушунан акча табуу аракетин көргөн
RU

50 миң доллар жана унаа. Алдамчы Орхан Инандынын жоголушунан акча табуу аракетин көргөн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Криминалдык милиция кызматкерлери "Сапат" (мурунку "Себат") кыргыз-түрк лицейлеринин негиздөөчүсү Орхан Инандыны табууга жардам берем деп ири өлчөмдөгү акчаны алдап алган шылуунду колго тушүрдү.

Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ, 2-июнда Түркиянын жараны М.А. милицияга кайрылган. Жабырлануучунун айтымында, өзүн УКМКнын кызматкеримин деп тааныштырган белгисиз адам, андан Орхан Инандыны таап берем деп 50 миң доллар каражат жана Subaru Impreza маркасындагы унаасын алып кеткен.

Кийинчерээк, милиция кызматкерлери 1994-жылы Ош облусунда туулган, убактылуу жумушсуз, ошондой эле мурда соттолгон О.Б кылмышка шектүү деп аныкташкан. Ал азыр убактылуу кармоочу жайга жеткирилген.

Кармалган жерди текшерүү учурунда шектүүдөн Subaru Impreza үлгүсүндөгү унаа, 50 миң доллар жана алты патрон менен травматикалык тапанча алынган. Жашаган жерин тинтүү учурунда дагы 12 патрон табылган.

Азыр кармалган жарандын башка кылмыштарга тиешеси бар экендиги такталууда.

Эске салсак, Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгон. 31-майда, болжол менен кечки саат алтыда, ал өзүнүн Lexus GX470 унаасы менен үйүнөн чыгып кеткен, ал эми 1-июнь күнү таңкы саат төрттөрдө анын жол тандабас унаасы Малдыбаев көчөсүнөн табылган. Учурда милиция Орхан Инанды издеп жатат. Президент Садыр Жапаров аны издөөнү күчөтүүнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жана Ички иштер министрлигине тапшырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1884