Эверест чокусун багындырган кыргызстандык Эдуард Кубатов мекенине кайтып келет
RU

Эверест чокусун багындырган кыргызстандык Эдуард Кубатов мекенине кайтып келет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жер шарындагы эң бийик чокуну багындырган кыргызстандык Эдуард Кубатов Кыргызстанга кайтып келет. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram-аккаунтуна жазган.

"Эч качан ушунчалык көнүл бурууга кабылган эмесмин! Качандыр бир кезде силердин үмүттөрүңөрду актайм деп ишенгим келет урматтуу достор! 5-июнда 08:55те Мекениме кайтып келем!" - деп Кубатов жазган.

Эске салабыз, 23-майда, Эдуард Кубатов жер шарынын эң бийик чокусуна чыккан. "Кыргыз элим, касиеттүү кыргыз жерим, сүйүктүү мамлекетим Кыргызстаным. Ушул жеңишимди силерге багыштадым, силерге арнайм. Кыргыз элим эрдигибизди, намысыбызды унутпайлы. Эң негизгиси туугандар, эгемендүүлүгүбүздү сактап калалы. Антпесе, кул болуп калабыз. Кыргыз элим силер үчүн", - деп Эверест чокусунан видео кайрылуу жаздырган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1887