Шайлоого байкоо жүргүзө турган 58 байкоочу өлкөнүн региондоруна жөнөп кетишти
RU

Шайлоого байкоо жүргүзө турган 58 байкоочу өлкөнүн региондоруна жөнөп кетишти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек ш. 22-декабрь - "Жалпы иш" коомдук фонду бүткүл өлкө боюнча шайлоо алдындагы мезгилге, шайлоо күнү жана шайлоодон кийинки мезгилге байкоо жүргүзүү үчүн 58 узак мөөнөттүү байкоочуларды окуудан өткөрүп, региондорго жөнөттү.

Узак мөөнөттүү байкоочулар шайлоо комиссияларынын түзүлүшүнө жана иштешине, шайлоо алдындагы үгүт кампанияларына, шайлоочулардын тизмелеринин түзүлүшүнө байкоо салып, ошондой эле шайлоо процесси учурунда мүмкүн орун ала турган мыйзам бузууларды катташат.

"Байкоочулар өз округдарында шайлоочулар, талапкерлер, шайлоо комиссиялары жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен түздөн-түз байланышуу аркылуу жана социалдык тармактардан маалымат чогултушат. Эгерде байкоо жүргүзүү учурунда алар кандайдыр бир мыйзам бузууларды тапса, аларды каттап, Фонддун эксперттик бөлүмүнө жөнөтүшөт. Эксперттер өз учурунда ал маалыматты текшерип, тиешелүү органдарга жөнөтүшөт", - деп билдирди фонддун жетекчиси Аида Суйундуева.

Байкоочулар чогулткан маалыматты талдоо жүргүзгөн "Жалпы иш" коомдук фондунун эксперттик бөлүмүнө жума сайын отчет түрүндө жөнөтүп турушат.

Фонддун Башкы кеңсесинин эксперттери узак мөөнөттүү байкоочулардын катарында эле Борбордук шайлоо комиссиясынын жана анын жумушчу топторунун ишине байкоо жүргүзүшөт. Байкоочулардын ишинин жыйынтыгы шайлоо алдындагы мезгилге байкоо жүргүзүү тууралуу отчетуна киргизилип, 2021-жылдын 5-январында коомчулукка тартууланат. Отчеттун максаты – шайлоо алдындагы мезгил тууралуу объективдүү, толук жана калыс маалымат берүү болуп саналат.

Шайлоого мониторинг жүргүзүү "Жалпы иш" коомдук фонду тарабынан "2021-жылы 10-январында Кыргыз Республикасында мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүү" долбоорунун алкагында ишке ашырылып жатат.

Кененирээк маалыматты Коомдук фонддун өз сайтынан алсаңыз болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/188