Жогорку Кеңештин 18 депутаты УКМКнын СИЗОсуна барып Өмүрбек Бабановго жолугушат
RU

Жогорку Кеңештин 18 депутаты УКМКнын СИЗОсуна барып Өмүрбек Бабановго жолугушат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Республика - Ата Журт" фракциясынан Жогорку Кеңештин 18 депутаты эртең, 4-июнда камакка алынган саясатчы Өмүрбек Бабановго УКМКнын СИЗОсуна барууну пландаштырууда. Бабанов ал жерде 31-июлга чейин болот.

УКМКга жиберчү билдирүүгө "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов кол койду.

Баруучулардын тизмесине төмөнкүлөр кирет:

  • Жыргалбек Турускулов.
  • Умбеталы Кадыралиев.
  • Рада Туманбаева.
  • Мирлан Жээнчороев.
  • Нурбек Тотонов.
  • Аккулу Бердиев.
  • Марлен Маматалиев.
  • Өскөнбай Жээнбаев.
  • Кенжебек Бокоев.
  • Калдарбек Баймуратов.
  • Пархат Тулендыбаев.
  • Таабылды Тиллаев.
  • Акыл Кемелов.
  • Закир Шарапов.
  • Махабат Мавлянова.
  • Арзыбек Карыбеков.
  • Абдыбек Дюшалиев.
  • Тариэл Жоробеков.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Бабанов 31-майда "Кумтөр" иши боюнча УКМКдагы сурактан кийин кармалган. Сот аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1890