"Акваварк", "Евроланг". Министр менен депутат лабораторияларга жаңы ат койду
RU

"Акваварк", "Евроланг". Министр менен депутат лабораторияларга жаңы ат койду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев ПЦР анализин өткөргөн жеке лабораториялардын аттарын билбейт.

3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Өмүрбек Бакиров Кыргызстандагы коронавирусту аныктоо үчүн канча лабораторияда ПЦР анализин жүргүзөт деп сурады.

Министрдин жообу: 14 лаборатория, анын төртөө жеке менчик жана аларга: "Бонецкий", "Акваварк", "Евроланг" кирет. Ал лабораториянын уруксаты санитардык ченемдерге ылайык келет деп кошумчалады.

Депутат лабораториялардын аттарын кайталоону суранды эле.

"Бонецкий", "Аквафарк", "Аквалаб", "Евро", "Евролаб", - деп Бейшеналиев кызматкерлеринин жардамына таянып тизмектеди.

Бакиров эмне үчүн башкалар уруксат ала албай жаткандыгын сурады.

Маселен "Хуйман", - деди депутат.

"Мен сизди түшүндүм. "Гуман" жана башка клиникалар талапка жооп бербегенинен COVIDге ПЦР тест жасай алышпайт. "Хуман" сыяктуу лабораториялар кан, биохимиялык кан жана кант анализдерин жасашат" деди Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы.

Бакировдун лабораторияларды ким текшерип жатат деген суроосуна.

Министр мораторийге байланыштуу жеке лабораториялар текшерүүгө алынбайт деп жооп берди. Анын айтымында, ишкердикти текшерүүгө кайрадан жол берүү керек.

"Биз буга чейин коомдук тамактануу пункттарын текшерүү боюнча долбоорду тапшырганбыз" деди ал.

Лабораторияларды атоодо, балким, Бейшеналиев "Бонецкий лабораториясын", "AquaLab" жана "Евролаб" дегенди, ал эми депутат Human Медициналык Борборун билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1892