Эркек киши досун сабап жатып, өлтүрүп салган
RU

Эркек киши досун сабап жатып, өлтүрүп салган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунун Түп районунда эркек киши досун токмоктоп өлтүрдү. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясынан Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгы тастыктады.

Белгиленгендей, 3-июнда райондун милиция бөлүмүнө Кудургу айылынын чыгыш тарабында жайгашкан тегирмендин жанынан адамдын кан жалаган сөөгү табылды деген билдирүү түшкөн.

Маркумдун өлөөрчө сабалгандыгы аныкталды. Каза болгон 39 жаштагы жергиликтүү тургун Э.К. Учурда шектүүнү издөө иштери уланууда.

Маалымат булагынын айтымында, эки дос спирт ичимдигин ичишкен жана алардын ортосунда араздашуу чыгып, мушташка чейин жеткен, акыры бири экинчисин сабап өлтүргөн. Шектүү буга чейин аныкталган. Учурда аны издөө иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1895