Орхан Инандынын жубайы: Мага жеткен маалыматтар боюнча, жолдошум Түркиянын элчилигинде
RU

Орхан Инандынын жубайы: Мага жеткен маалыматтар боюнча, жолдошум Түркиянын элчилигинде

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 6-июнда жоголуп кеткен "Сапат" лицей тармагынын негиздөөчүсү Орхан Инанданын жубайы Рейхан айым Кыргызстан элине, Президент Садыр Жапаровго, бардык лицей бүтүрүүчүлөрүнө жана алардын ата-энелерине кайрылуу жасады.

Ал күйөөсү ушул тапта Түркиянын Бишкектеги элчилигинин имаратында экени жана андан алар күч менен Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүү үчүн Кыргызстандын жарандыгынан баш тартуу боюнча арыз алгандыгы тууралуу маалымат алган. Ал буга ишене албастыгын айтты, бирок биринчи ирээт мындай болгон жок, дал ушундай ыкма менен Себаттын жумушчулары дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн Түркияга террорист катары "жеткирилет", деп маалымдалат.

Эске салсак, Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгон. 31-майда, болжол менен кечки саат алтыда, ал өзүнүн Lexus GX470 унаасы менен үйүнөн чыгып кеткен, ал эми 1-июнь күнү таңкы саат төрттөрдө анын жол тандабас унаасы Малдыбаев көчөсүнөн табылган. Учурда милиция Орхан Инанды издеп жатат. Президент Садыр Жапаров аны издөөнү күчөтүүнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жана Ички иштер министрлигине тапшырды. Ал эми Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин аймагы 1-июнь күнү кечинде курчоого алынып, милиция кызматкерлери тарабынан кайтарылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1927