Ысык-Көлдө мурунку имам уулдары менен жергиликтүү тургундарды катуу сабап салган.(видео)
RU

Ысык-Көлдө мурунку имам уулдары менен жергиликтүү тургундарды катуу сабап салган.(видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Ой-Булак айылынын тургуну Лариса Эгембердиева алардын айылынын мурунку имамы Нурдин эки уулу менен биргеликте жолдошу Талипбек менен уулу Рустамды сабап салгандыгын айтты. Бул тууралуу ал Kaktus.media агенттигине айтып, окуянын видеосун жөнөттү.

"Окуянын өзү ушул жылдын 26-майында Кутургу айылында күйөөсү менен уулу ишкердик менен алектенип жаткан учурда болгон. Нурдин алардын унаасын токтоткон, анын жанында 18 жана 20 жаштагы уулдары болгон. Бир аздан кийин, алар күйөөсүн жана уулун сабай башташты.

Бул жерде окуянын тарыхына үңүлсөк: Нурдин Ой-Булак айылындагы мечиттин мурунку имамы. Ал бул кызматты узак убакыт бою аркалап келген, бирок жергиликтүү тургундар анын иш-аракеттеринен жана мамилесинен аябай чарчашкан: ал өзүн мусулманча эмес, туура эмес алып жүргөн. Мисалы, акыркы сапарга узатуу зыйнаты же башка маанилүү иш-чаралар болгондо, ал ар дайым чоң акча талап кылчу. Бир-эки жыл мурун жергиликтүү тургундар чогулуп, Нурдинди имамдык кызматынан кетирүүнү талап кылышкан. Менин жолдошум дагы Нурдинге каршы болгондордун катарында болчу.

Натыйжада, ал кызматтан алынган, бирок Нурдин ага каршы болгондордун бардыгына ачууланып жүрөт: ал адамдардын үйүнө барып, бардыгын коркутуп үркүтүүдө, биздин жашообузду татаалдаштырып жатат. Бакача карап койсоң болду балээге калдың. Кылдан кыйкым, жумурткадан кыр издей баштайт. Ал жөн гана баарынын андан коркушун каалагандай сезилет.

Ал айрымдарды эч себепсиз эле кечирим суратып чөгөлөөгө мажбурлайт.

Ой-Булак айылынын тургундарын дагы, коңшу Кутургу айылынын тургундарын дагы опузалап коркутчу болду. Баарыбыз андан тажап бүттүк.

Ал өткөн жылы менин уулумду таш бараңга алган. Биз токмоктогондорду видеого тартып алдык, бирок ишибизди далилдей алган жокпуз.

Бирок милицияга жеткенде, Нурдин адил болуп калат. Ал ишенген адаммын, эч кимди таарынта албайм деп ант берет. Кудайдан корккон адам экендигин айтып актанып кирет. Ал жөн эле Ислам динин жамынып алып өз билемдигин улантууда.

Бирок бул жолу баары таптакыр башкача, бизде далил бар: Кутургу айылындагы коңшусу Нурдинди жана анын уулдарын менин күйөөм менен уулумду сабап жаткандыгын видеого тартып алган. Кыязы, муну тасмага тартып жатышканын билбесе керек, милицияга түшкөндө, ал адатынча Куранга колун коюп, эч кимди сабаган жокмун деп ант берди. Анткен менен видеодо бардыгы чагылдырылган: аларды кантип сабап, телефондорун тартып алып, таш жана таяк менен сабап жатышканын көрсөңүз болот.

Видеону жарыялагандан кийин алар биз менен элдешүүнүн жолдорун издеп жатышат. Бирок биз муну кечирбейбиз, анткени ал опузасын уланта берет.

26-майдагы окуядан кийин биз ооруканага барып, милицияга дагы кабарладык. Укук коргоо кызматкерлери алгач аларды суракка чакырышкан, бирок камакка алышкан жок. Видео жайылгандан кийин гана Нурдин жана анын улуу баласы кармалган, бирок кичүү баласы Бишкекке кетүүгө үлгүрүптүр. Бир нече күндөн кийин Нурдин жана анын уулу үй камагына бошотулган. Мурунку имам жана анын уулдары биздин үй-бүлөгө да, видеонун авторуна дагы коркунуч туудуруп жаткандыктан, бул туура эмес деп эсептейбиз.

Нурдин анын кол салган видеосу бар экенин билгенден кийин: "Мен баарын мууздайм" деп коркутуп баштаган. Эми коңшусу жана анын үй-бүлөсү ушул Нурдинден чочулап турушат ", - деди Лариса.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бул окуя боюнча "Бир топ адамдар тарабынан жасалган тоноо" беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

"Милицияга 50 жаштагы Б.Н. жана анын уулдары 21 жаштагы С.А. жана 19 жаштагы С. Ю. жеткирилген. Аларга шектүү деген билдирүү берилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Анын алкагында тергөө, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. ", - деп билдиришти РИИБден.

Ошол эле учурда департамент Түп райондук соту 3-июнда шектүүлөрдү үй камагына бошотконун белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1928