Замир Жоошев: Атамбаевдин абалы инфарктка жакын. Андан тышкары грыжасы кыйнап жатат
RU

Замир Жоошев: Атамбаевдин абалы инфарктка жакын. Андан тышкары грыжасы кыйнап жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Мурунку президент Алмазбек Атамбаев толук кандуу дарыланууга муктаж. Мындай медициналык кызматты №47 колониянын ичинен алуу мүмкүн эмес", - деп Kaktus.media'га Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, 1-апрелде эле М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун кардиологу М.Бейшенкулов даттануулардын негизинде бейтапты көрүп чыгып, алдын ала диагноз койгон:

Жүрөктүн коронардык оорусу, стенокардия, атеросклероз, коронардык кан тамырлардын кальцинозу, ишемикалык кардиомиопатия.

Доктур менен сүйлөшкөндө коронардык кан тамырлардын кальцинозу бейтаптын инфаркт алдындагы абалда экенин күбөлөндүрүп турарын көрсөтүп турат, деген", - деп адвокат айтты.

Андан бери эч нерсе өзгөргөн жок, болгону тизмеге Атамбаевдин арка сөөгүндөгү беш грыжа кошулду.

"№47-түзөтүү колониясында, албетте ага көз салып турушат, бирок абалы жакшы болуп кеткен жок. Ал комплекстүү дарыланууга жана операция жасатууга муктаж. Колонияда мындай шарттарды түзүп бере алышпайт", - деди Атамбаевдин жактоочусу.

Андан тышкары бир ай мурун дарыгерлердин консилиуму чогулуп, корутунду чыгарышы керек болчу, бирок азыркы учурга чейин эч кандай натыйжа жок, деп Жоошев кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1939