Куудул, сатирик Рахман Разыков каза болду
RU

Куудул, сатирик Рахман Разыков каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Куудул, сатирик Рахман Разыков каза болду. Бул малыматты жакындары тастыкташты.

Берилген маалыматка ылайык, ал коронавирус илдетине чалдыгып, 10 күндөн бери Ош шаарындагы ооруканалардын биринде жубайы менен дарыланып жаткан.

Рахман Разыков 66 жашта эле. Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Савай айылында туулган. "Бешилик", "Беш-Тапан" куудулдар тобун түзүп, чоң сахнага алып чыккан. Ал куудулдардын сатираларын жазып тасмаларга тартылып келген.

Маркумдун сөөгү бүгүн түштөн кийин жерге берилет.

Kaktus.kg редакциясы Рахман Разыковдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1940