Балыкчыда мэрди шайлаган депутаттарга каршы митинг өтүп жатат (видео)
RU

Балыкчыда мэрди шайлаган депутаттарга каршы митинг өтүп жатат (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 7-июнда Балыкчы шаардык кеңешинде шаардын мэрин шайлоо өтүп жатат. Аны шаардык кеңештин жаңы шайланган депутаттары шайлашат.

Митингге шаардын активисттери катышып, кеңештин мурунку курамы кайрадан келгенине нааразы болушту. Активисттер кеңешти таркатууну талап кылышууда, аларды шаар башчылыгына талапкерлер канааттандырбайт.

Буга чейин шаардык кеңештин эки депутаты Балыкчы шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкерлигин көрсөткөндүгү белгилүү болгон. Талантбек Мергенбаев ("Табылга" фракциясы) жана Аманат Сыдыков ("Өнүгүү-Прогресс" фракциясы) атаандаш болушту.

Мергенбаев 36 жашта. Ал "Ыйман Нуру" партиясынан кеңешке талапкерлигин койгон, буга чейин Бишкек мэриясынын ККБсында иштеген.

Сыдыков 32 жашта. Ал жеке ишкер. Өткөн чакырылыштагы Балыкчы шаардык кеңешинин депутаты да болгон, Өнүгүү-Прогресстен.

М.а. Балыкчы шаарынын мэри буга чейин 37 жаштагы Азамат Арнабек уулу болуп дайындалган. Ал шаардык жаштар кеңешин жетектеген.

11-апрелдеги жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы боюнча Балыкчы шаардык кеңешине төмөнкү партиялар өткөн:

  • Табылга - 10 мандат;
  • "Эмгек" - 6 мандат;
  • "Онугуу-Прогресс" - 6 мандат;
  • "Замандаш" - 4 мандат;
  • "Мурас" - 5 мандат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1948