Бишкектин мэриясынын бухгалтери пара берип жаткан учурда колго түшүрүлдү
RU

Бишкектин мэриясынын бухгалтери пара берип жаткан учурда колго түшүрүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын кызматкерлери Бишкек шаарынын мэриясынын бухгалтериин пара берүү иш аракетине бөгөт коюшту. Бул тууралуу ведомоствонун басма сөз кызматы маалымдады.

Белгилүү болгондой, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн коррупцияга каршы иш-аракеттердин алкагында, КР УКМК кызматкерине каржылык мыйзам бузуулар фактысы боюнча арызды кароону токтотуу үчүн, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык ишканаларынын биринин башкы эсепчиси Н.П'нин.пара берүү ишине бөгөт коюлду.

КР УКМК арызды кароо учурунда муниципалдык ишкананын бир катар каржылык мыйзам бузуулары аныкталып, 2021-жылдын 31-майындаошол мыйзам бузууларды жашырганы үчүн бухгалтер Н.П. УКМКнын кызматкерине 50 миң сом өлчөмүндө пара берүүгө аракет кылган учурда колго түшүрүлдү.

Бул факттын негизинде Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренесинин 2-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө иш чаралардын комплекси жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1951