Ысык-Көлдөгү канаттуулар фабрикасы ички рыноктун куш этине карай муктаждыгын 30% жабат
RU

Ысык-Көлдөгү канаттуулар фабрикасы ички рыноктун куш этине карай муктаждыгын 30% жабат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Ысык-Көл облусуна жумушчу сапарынын алкагында Балыкчы шаарындагы "Агро Куш" канаттуулар фабрикасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Ишкананын ишке берилиши кармалып жаткандыгы тууралуу маалымат компаниянын жетекчилиги тарабынан Артем Новиковдун өткөн жумада бизнес-коомчулук менен жолугушуусу учурунда айтылган.

Канаттуулар фабрикасы өндүрүштүн толук циклин өзүнө камтыйт, анда инкубатор, тоокторду багуу жана тоок эттерин муздатылган түрдө даярдоо каралган.

Ишкана жылына 4,6 млн бройлер-тоокту өндүрүүгө жана 12,5 миң тонна этти кайра иштетүүгө жөндөмдүү.

Өкмөт башчынын м.а. белгилегендей, канаттуулар фабрикасынын толук кандуу иштеши ички рыноктун тоок этине болгон муктаждыктын 30%га жабат, ошондой эле импорттолуучу канаттуулардын эти азайып, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу жогорулайт.

Жолугушуунун жыйынтыгында ушул жылдын 24-декабрынан баштап Россия-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунан каржылоону калыбына келтирүү боюнча маселе чечилип, тиешелүү график түзүлдү. Каржылоо башталса ишкананы 2021-жылдын 15-январында ишке киргизүү пландаштырылды, ал эми продукциялар дүкөндөрдүн текчелерине 2021-жылдын апрель айларында коюлат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/195