"Ала-Тоо" эл аралык университетиндеги журналистика программасы студенттердин көз карашында
RU

"Ала-Тоо" эл аралык университетиндеги журналистика программасы студенттердин көз карашында

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жакында эле мектепти аяктаган 1-курстун студенттери татаал тандоого туш болушуп, ЭАУнун ("Ала-Тоо" Эл аралык Университети) "Журналистика" программасы боюнча ой бөлүшүштү. Ар биринин өзүнчө окуясы бар. Студенттер эмне үчүн бул программага киргендиги жана алардын үмүттөрү акталгандыгы жөнүндө айтып беришет.

Акылай Өзбекова: - Мага бул кесип жагат, менин максатым - өз кесибимдин адиси болуп, ар дайым сөз эркиндиги, акыйкаттык үчүн күрөшүп, элдин ишенимин актоо. Коомчулукта журналисттерди атактуулардын жашоосу гана чагылдырган адамдар катары сыпатталышы мени өкүндүрөт. Бул кесип жана анын коом үчүн мааниси жөнүндө туура эмес пикирди өзгөрткүм келет.

Мээрим Оспанбаева: - Менин тандоом күтүүсүз болду. Көбүнчө адамдар кесибин өз жөндөмүнө жараша тандашат, бирок мен тескерисинче кеттим. Байланыш көндүмдөрүн өркүндөтүү керектигин аңдадым. Бул оңой иш эмес, мындай көндүмдөрдү бир күндө өздөштүрүп кетүү мүмкүн эмес. Программа жөнүндө билгенден кийин, убактым кур бекер кетпесигин түшүндүм. Англис, түрк, немис жана башка тилдерди үйрөнүү мүмкүнчүлүгү "Журналистика" программасынын чоң плюсу. Ошондой эле, бул кесип көп кырдуу жана кызыктуу. Кандай болгон күндө дагы ал мен үчүн жашоомдогу унутулгус мезгил болот деп ойлойм.

Сирожидин Пириев: - Мен бул кесипти уникалдуулугу - татыктуу адамдарды коргоо жана көрсөтүү мүмүнчүлүгү үчүн тандадым. Кантсе да, бардык кесиптер өзүнчө мааниге ээ: бизди дарыгерлер дарылайт, полиция бизди коргойт, мугалимдер билим берет, инженерлер жана куруучулар жаңы имараттарды куруп жатышат. Бирок алар жөнүндө айтып, көрсөтүп жаткан журналисттер. Чыныгы журналистика - башкалар менен катар ардактуу кесип. Тилекке каршы, учурда жалаң гана буйрутма менен иштеген, кардардын камчысын чапкан жалган журналисттер көбөйүп кетти.

Акинай Мусурманкулова: - Менин кызыгууларым тез-тез өзгөрүп, кесип тандоо жолу кыйын болду. Маалыматтык технологиянын өнүгүшү жана коомдогу өзгөрүүлөр менин тандоомо таасир этти. Мени тасмага тартуу, монтаждоо, жаңы жана чыгармачыл нерселерди жаратуу процесси кызыктырат. Өзүмдү журналистика тармагында сынап көрүү кызыктуу болот деп чечтим. Азыркы учурда медиа адистиктери суроо-талапка ээ болуп, мүмкүнчүлүктөрүңүздү кеңейтүүдө. Анткени, кайсы гана компания болбосун PR адистерине, жарнама жана маркетинг боюнча адистерге муктаж. Ушул так программага киргениме кубанычтамын жана туура тандоо жасадым деп ишенем. Мен өз өнүгүүмдү токтотпойм деп ишенем, анткени бул үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар.

Дарья Хан: - Журналисттик кесипке жакында эле кызыгып калдым. Журналистика - бул ар кандай тармакта өз ордуңузду таба алган кыйла көп тармактуу кесип деп эсептейм. Мен үчүн кесип тандоо узак убакытты алган процесс болду жана кайда окуй турганымды жай мезгилинде гана чечтим. Ала АЭУдан консультацияларды алгандан кийин, программа боюнча окуп, өзүмдү калыптандыруу мезгили келгенин түшүндүм. Мен көптөн бери сүрөткө кызыкчумун. Бул кесип тандоодо чечүүчү ролду ойноду. Ошондой эле, окуя болгон жерден репортаж, публицистикалык тексттерди жазууга кызыкдармын. Журналистика ишмердүүлүктүн бай талаасы. Өзүңүздү ар кандай чөйрөлөрдө сынап, өзүңүзгө ылайыктуусун тандасаңыз болот.

Аймарал Чомокова: - Окуучулук жылдардан бери ар кандай конференцияларга катышып, эл алдында чыгып сүйлөө менен машыгып, кайрымдуулук уюмдарында ыктыярчы болуп иштеп, чыгармачылыкта өзүмдү сынап көрдүм. Ири долбоорлорго жана иш-чараларга катышууну улантып, чыгармачыл активдүүлүктү унуткан жокмун. Мектепти аяктагандан кийин, мындан ары өнүгүп, коомго пайда алып келгим келерин түшүндүм. Ошондуктан, менин келечектеги кесибим менин көптөгөн кызыктарымды камтышы керек. Көпкө ойлонуп, журналистикага тапшырууну чечтим. Менин бардык кызыкчылыктарым журналистикада - жазуучулуктан режиссёрлукка чейин жүзөгө ашышы мүмкүн. Программанын биринчи курсунан кийин мен өзүм үчүн көптөгөн жаңы нерселерди үйрөндүм жана тандаганыма өкүнбөйм.

Карек Кадыралиева: - Эмне үчүн мен журналистиканы тандадым? Бул кесип ар тараптуу. Журналистика салттуу гана эмес, жарнама, SMM маркетинг, пиар, видеомонтажды камтыйт жана муну менен чектелип калбайт. Сүрөт тартуу жана видео тартуу менин хоббим. АЭУнун аркасы менен кесиптик жактан өсүүгө болот, анткени азыркы учурда мультимедия журналистикасы трендге айланды. Ойлонуп жатып, мен ушул факультетти жана программаны тандап алууну чечтим. Ар кандай теле берүүлөрдүн алып баруучусу болуу менин кыялым, бул жакшы окууга жана кесиптин негиздерин түшүнүүгө түрткү берет.

Айгерим Алимбекова: - Мен өзүмдүн кызыгуумду жана артыкчылыктарымды айкалыштырган кесипке ээ болгум келди. Мен журналисттик кесипти дүйнөнү көрүү, кызыктуу адамдар менен таанышуу, жаңы билим жана тажрыйба топтоо мүмкүнчүлүгү катары тандап алдым. Мени журналисттин жашоо образы кызыктырат: жаңы маалымат агымында болуу, окуялардын чордонунда болуу, адамдар менен баарлашуу, саякаттоо жана иш-чараларга катышуу. Жашоонун мындай тез темпи сизди зериктирбейт. Келечекте мен дагы өзүмдү диктор, башкача айтканда, үн менен иштеп, бирок заманбап форматта иштеп акча тапкан адис катары көрөм.

Жанара Эрнестова: - Журналист көбүнчө жөнөкөйлөтүлгөн түрдө - маектеш же кабарчы катары көрсөтүлөт. Чындыгында, бул аймак ар тараптуу. Мисалы, билим берүү, массалык маалымат каражаттары, коомдук байланыштар боюнча жумуш таба аласыз жана ушул тармактардын бардыгы көңүлдүү. Журналисттер бизге караганда башкалар менен көбүрөөк баарлашып, чыныгы жашоону ушул бойдон көрсөтүшөт. Журналистиканын негизги принциптери - сөз эркиндиги, бейтараптуулук жана маалыматтын ишенимдүүлүгү. АЭУда сиз жакшы базалык билимге ээ болуп, изденген адис боло аласыз.

Биринчи курстун студенттери кесип тандоодогу тажрыйбалары жөнүндө айтып берүүгө аракет кылышты. Эми тандоо сизде, урматтуу талапкерлер. Сиздерди Эл аралык Ала-Тоо университетинде күтөбүз!

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1966