Орхан Инандынын машинесинен акыркы видео жаздыруулар ачыкталды (фото)
RU

Орхан Инандынын машинесинен акыркы видео жаздыруулар ачыкталды (фото)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Таалайкүл Токтакунова дайынсыз жоголуп кеткен Орхан Инандынын адвокаты. Ал "Сапат" лицейлеринин негиздөөчүсү жок болуп кетээрдин алдында анын унаасындагы видеорегистраторго тартылып калган видео жаздырууларды көрсөттү.

"Балким, кимдир бирөө видеого түшүп калган адамды тааныйт?" - дейт адвокат.

Инандынын жакындарынын айтымында, тергөөчү видеорегистратордогу жаздырууларды алган эмес. "ИИМ үчүн күбөлөрдү, шектүүлөрдү суракка алгандан көрө эски курулуштардан издеген жеңилирээк болуп жатат окшойт", - деп адвокат кошумчалады.

Бул видеолор тергөөчүгө өткөрүлүп берилди. "Бир күн өттү, алар видео ишке тиркелгендиги тууралуу өтүнүчкө оозеки да жооп кайтара элек", - деп Токтакунова белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1974