Кечээки катуу шамаалдын айынан бактар сынып, чатырлар учуп, үч адам жабыркады
RU

Кечээки катуу шамаалдын айынан бактар сынып, чатырлар учуп, үч адам жабыркады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 8-июнда Бишкекте катуу шамаал болуп бак машиненин үстүнө кулап түшкөн. Бул жөнүндө Kaktus.media редакциясына көргөндөр айтып беришти.

Кырсык, кечээ, 7-кичирайондо болгон. Берилген маалыматка ылайык, жабыркагандар жок.

Андан тышкары катуу шамаалдын айынан Эмен сейил багындагы дарак да түбүнөн чорт сынып калган.

Абдрахманов жана Куренкеев көчөлөрүнүн кесилишинде да бир бак электр зымдарына илинип, жанында турган унаага кулап түшкөн.

7-июнда катуу шамаалдын айынан бактын чоң-чон бутактары сынып, кабелге илинип калган. Алар дале ошол бойдон илинип турат. Окурмандар мэрияга кайрылганын айтышты, бирок азырынча эч кандай чаралар көрүлө элек. Эгер ал бутактар жерге кулап түшсө жарандар жабыркашы мүмкүн, дейт окурмандар. Окуя Патрис Лумумба көчөсүндө №58 үйдүн жанында болгон.

Катуу шамаалдын кесепети Бишкекке эле эмес, Сокулукка да кедергесин тийгизди. "Черемушка" районундагы көп кабаттуу үйдүн чатырын учуруп кеткен.

Андан тышкары Москва районундагы Ак-Торпок айылынын орто мектебинин да чатыры урады.

Андан тышкары, бүгүн, 9-июнда, катуу шамаалдын айынан үч киши травма алганы белгилүү болду. Берилген маалыматка ылайык, алар улуттук госпиталдын нейротравма бөлүмүнө госпитализацияланган. Үчөөнө тең жабык баш-мээ травмасы (закрытая черепно-мозговая травма) деген диагноз коюлган. Алардын абалы туруктуу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1976