13-жашар кыздын зордукталышы. Судья эмне үчүн мындай өкүм чыгарганын түшүндүрдү
RU

13-жашар кыздын зордукталышы. Судья эмне үчүн мындай өкүм чыгарганын түшүндүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Сооданбеков 13-жашар кызды зордуктаган, деп айыпталып жаткандарды актады. Өкүм чыгарып жатканда өзүнүн ички ишенимине басым кылганын билдирди. Мындай пикирин ал Vesti.kg порталына билдирген.

"Биз укуктук мамлекетте жашайбыз. Өкүм чыгарып жатканда мен өзүмдүн ички ишенимиме таяндым. Мындан башка эч нерсе айта албайм. Жакшы туруңуз", - деп журналисттерге айткан.

Эске салсак, Кыргызстандын Тоң районунун соту, 11-декабрда 13 жашар кызды зордуктады деп айыпталып жаткандарды актаган. Айыпталып жаткан үч адамдын ичинен бирөөсү эле жаза алды. Далилдер болгонуна карабастан, сот ага карата жеңил жаза берди. Кыздын жакындары ал дагы бир-эки жылдан кийин эркиндикке чыгат, деп кооптонушууда.

Кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү мындай окуянын болгонуна шок болушту, бирок судьянын өкүмү, сот процесси учурунда бир нече жолу уктап калышы кырдаалды ого бетер курчутту.

Ал ортодо, IDEA жаштар уюму судьяга кат чогултуп жатышат. Демилгени көтөрүп чыккандардын билдирүүсүнө ылайык, бардык каалоочулар ага кат жаза алышат. Чогулган каттардын бардыгы судьянын өзүнө берилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/197