Ош облусунда 2 мектептин курулушу аяктады (фото)
RU

Ош облусунда 2 мектептин курулушу аяктады (фото)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун 2 билим берүү объектисинин курулушу аяктап, пайдаланууга даяр. Бул жөнүндө Курулуш мамлекеттик агенттитин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, бул Кара-Суу районундагы Маданият айылында № 42 мектеби жана Араван районунун Кочубаев айылындагы №23 А.Тургунов атындагы мектеп-интернаты.

Аталган мектептердин ар биринде, 225 окуучуга ылайыкталып, 500 окуучуга чейин окутууну камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Ал эми, долбоор боюнча окуу корпусу, галерея, ашкана, спорттук зал, актовый зал жана жабдылган химия, физика жана информатика класстары тургузулган.

Ошондой эле, мектептерде толук кандуу окуу процесси үчүн бардык зарыл болгон шарттары жана эмеректер менен жабдылган.

Белгилей кетсек, жаңы мектептердин курулушу өткөн жылдын январь айында башталып, алардын сметалык наркы 157 млн. 834 миң 320 сомду түзгѳн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1980