Адвокат: дайынсыз болгонго чейин Орхан Инанды Мелис Турганбаев менен жолуккан
RU

Адвокат: дайынсыз болгонго чейин Орхан Инанды Мелис Турганбаев менен жолуккан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Сапат" лицейлер тармагынын негиздөөчүсү дайынсыз жок болуп кетээрдин алдында ИИМдин жана ЖАМКнын мурунку жетекчиси Мелис Турганбаев менен жолуккан. Турганбаев ошоло эле күнү Кыргызстандан учуп кеткен", - деп адвокат Таалайкүл Токтакунова айтып берди.

Анын айтымында, Орхан Инанды 31-май күнү кечинде өзүнүн үйүнөн машинесин айдап чыккан.

"Дайынсыз жок болуп кеткенге чейин Орхан Инанды Мелис Турганбаев менен жолукканын так бизлебиз. Алар бир нече саат кофейняда отурушкан экен. Андан кийин Инандыны эч ким көргөн эмес", - дейт адвокат.

Турганбаев ошол эле күнү Кыргызстандан учуп кеткен. Айрым маалыматтар боюнча Грузияга.

Азырынча, Мелис Тургнбаев менен байланыша алган жокпуз.

"Милиционерлер аны менен телефондон сүйлөшүптүр, ал дагы бир нече күн болбой турганын айтыптыр. Алар эмне жөнүндө сүйлөшкөнү бизге абдан кызык болуп жатат", - деп Токтакунова айтып берди.

Эске салсак, Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгон. 31-майда, болжол менен кечки саат алтыда, ал өзүнүн Lexus GX470 унаасы менен үйүнөн чыгып кеткен, ал эми 1-июнь күнү таңкы саат төрттөрдө анын жол тандабас унаасы Малдыбаев көчөсүнөн табылган. Учурда милиция Орхан Инандыны издеп жатат. Президент Садыр Жапаров аны издөөнү күчөтүүнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жана Ички иштер министрлигине тапшырды. Ал эми Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин аймагы 1-июнь күнү кечинде курчоого алынып, милиция кызматкерлери тарабынан кайтарылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1981