Жапаров Кыргызстандын аскердик-техникалык базасын жаңыртуу үчүн Түркиядан жардам сурады
RU

Жапаров Кыргызстандын аскердик-техникалык базасын жаңыртуу үчүн Түркиядан жардам сурады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 9-июнда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Анкара шаарында өткөн Кыргызстан менен Түркиянын Стратегиялык Кызматташтык боюнча Жогорку Кеңешинин 5-жыйынына катышты. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Садыр Жапаров өз сөзүндө Кыргызстан менен Түркиянын достугу жаңы деңгээлге көтөрүлүп жаткандыгын баса белгиледи. Президент Садыр Жапаров эки тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарына токтолуп, аскердик жана коопсуздук чөйрөсүндө саясий диалогду жана өнөктөштүктү улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ушуга байланыштуу ал эл аралык коомчулукка жана коопсуздукка жаңы коркунучтарды туудурган кибер кылмыштуулукка, аткезчиликке, баңги заттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө, курал-жарак жана адам сатууга, мыйзамсыз миграцияга жана терроризмге, ошондой эле трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы турууга чечкиндүү экендигин тастыктады.

Дүйнөлүк жана регионалдык саясаттагы негизги позициялардын окшоштугун баса белгилеп, мамлекет башчысы эл аралык жана регионалдык уюмдардын алкагында коопсуздук жаатында кызматташтыкты бекемдөө зарылдыгын дагы бир жолу билдирди.

Мындан тышкары, Президент Садыр Жапаров Борбор Азиядагы регионалдык коопсуздукту чыңдоонун жана Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн материалдык-техникалык базасын жаңыртууга туруктуу аскердик-техникалык жардам көрсөтүүнүн, ошондой эле коргонуу жөндөмүн чыңдоо боюнча биргелешкен аракеттерди күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1994