Рыскелди Момбеков: Бабановду камакка алуу Нарын дарыясынан крокодил издегенге барабар
RU

Рыскелди Момбеков: Бабановду камакка алуу Нарын дарыясынан крокодил издегенге барабар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Рыскелди Момбековдун пикири боюнча, Өмүрбек Бабановдун Кумтөр боюнча макулдашууларга эч кандай тиешеси жок, ошондуктан камакка алган туура эмес. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин жыйыны учурунда билдирди.

Момбековдун айтымында, эки саат мурун Таластын миңдеген эли Бабановду үй камагына чыгаруу талабы менен митингге чыгышты. "Комиссиянын мүчөсү катары жеке пикиримди билдирбей кое албайм. Менин оюм боюнча түзүлгөн кырдаалда Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев күнөөлүү. Калган камакка алуулар - саясий куугунтуктоо. Бабанов, Төрөбай Зулпукаров менен Асылбек Жээнбеков Садыр Жапаровго каршы чыккандыктан кылмыш иштер козголду деп айтылып жатат. Бирок, корутундуларда Бабанов жөнундө бир да сөз жок", - деп Момбеков белгиледи.

Мен Бабановду жакшы тааныйм. Партиялаш, классташ болбосок да жердешбиз. Аны камакка алуу - Каныбек Иманалиев айткандай, Нарын дарыясынан крокодил издегенге барабар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2000