Эрдоган Садыр Жапаровду жылуу узатты (видео)
RU

Эрдоган Садыр Жапаровду жылуу узатты (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон расмий иш сапары жыйынтыкталды. Президенттин пресс-катчысы Эрбол Султанбаев эки лидердин коштошуп жаткан видеосун жарыялаган.

"Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдоган Анкарадагы президенттик сарайдын балконунда туруп, жагымдуу маанайда баарлашты. Коштошуп жатып Кыргызстандын лидери түрк элинин башчысын биздин мамлекетке келип кетүүгө чакырды", - деп Султанбаев жазган.

Эске салсак, бул Садыр Жапаровдун президент катары Түркияга болгон биринчи иш сапары. Жапаров менен Режеп Тайып Эрдоган бетме-бет жолугушуп, андын тышкары бир катар иш чараларга бирге катышышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2002